КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган “Бөбөктай” республикалык сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган сынакты жыйынтыктоо иш-чарасы 18-декабрда өтүп, ага Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, сынактын катышуучулары, белгилүү акын-жазуучулар, мугалимдер катышты. Сынакка ырлар, аңгемелер, жомоктор, табышмактар болуп, республика боюнча жалпысынан 51 чыгарма кабыл алынган. Анын ичинен 13 чыгарма окуучулар, калган 38и акын-жазуучулар, мугалимдер жана башка чыгармачыл инсандар тарабынан келип түшкөн.
Алардын арасынан калыстар тобу кылдат иргеп алган жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Сынак балдарга арналган мыкты чыгармаларды жаратууну демилгелөө, акын-жазуучуларга дем берүү, балдарга арналган чыгармаларды жайылтуу максатында уюштурулгандыгын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Алмаз Кулматов жыйында айтып өттү. Ал эми сынактан мыкты деп табылган чыгармалар “Бөбөктай” аттуу жыйнак болуп басылып чыгып, республиканын бала бакчаларына таратылат.
Сынактын жеңүүчүлөрү:
1-орун:
Абдылдаев Жакыпбек
2-орун:
Кадыров Ысмайыл
3-орун:
Чопиев Эсенгул
Төлөкова Элмира
4-орун:
Курманов Жекшенбай