Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын жана Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин стоматология факультетинде билим алып жаткан мыкты 6 студентке атайын стипендия тапшырылат. Иш-чара 7-февралда болуп, мыкты студенттерге Венера Кожокеева атындагы стипендия ыйгарылмакчы. Бул стипендия “Чексиз билим” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Стипендиянын суммасы - 1 000 сом. Ар бир 6 айда жаңы стипендиаттар аныкталып турат. Эске сала кетсек, Венера Кожокеева Б.Ельцин атындагы Кыргы-Орус Славян университетинин стоматология факультетинде окутуучу болуп иштеген. 20дан ашык илимий эмгектери бар жана 4 тиш дарыларын ойлоп тапкан. Ал 2011-жылдын август айында автокырсыктан каза болгон.