"Биз сомдун арзандашынан улам калк жана спекулянттар эмне кылышарын билели дегенбиз. Болжогондой эле валюта алмаштыруу түйүндөрү өздөрүнүн спекулянттык иш-аракеттерин башташкан. Мындан улам калк арасында чочулоолор болгон. Учурда доллардын жетишсиздигине объективдүү негиздер жок. Мындан улам калкты дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырар элем",- деп билдирген Абдыгулов.
Мындан тышкары ал курстун өзгөрүшүнөн улам акча алмаштыруу түйүндөрү пайда көрүп жаткандыктан, аларды жабууну сунуштаган.
Айта кетсек, бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатуу 60,2 сом болсо, сатып алуу 58,9 сом болууда.