Бүгүн, 19-декабрда Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында лизинг аркылуу алынган айыл чарба техникасынын биринчи партиясын тапшыруу аземи өттү. Иш-чара биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев, айыл чарба жана мелиорация министри
Таалайбек Айдаралиев, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү жана депутаттардын катышуусунда өткөрүлдү.
Т.Сарпашевдин айтымында, 2014-жылдын декабрынан кийинки жылдын декабрына чейин миңден кем эмес техника алынышы керек. "Бул максатка жетиш үчүн ай сайын жүздөн трактор алынып туруусу зарыл. Өлкөдөгү айыл чарба техникаларынын сапаты начарлап, жаңыланбай келген",- деди ал.
Техниканы ыңгайлуу баа жана насыяга берүүчү шарттар менен алган дыйкандар өз кезегинде өкмөткө ыраазычылыгын билдиришти. Тракторду лизингге сатып алган дыйкан журналисттерге буларды айтты: "Мен Талас облусунун Шекер айылынан келгем. Жаңы тракторго муктаж болчумун. Эми бул техника мага жана айылдаштарыма кызмат көрсөтөт. Анын баасынын 30 пайызын алдын ала төлөп, калганын 7 жылдын ичинде жыл сайын төгүп турам. Мен үчүн мындай төлөө системи абдан ыңгайлуу".
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда агрардык секторду өнүктүрүүнү колдоо максатында Евразиялык Өнүктүрүү банкы "Айыл банкка" 20 миллион доллар өлчөмүндөгү узак мөөнөткө насыя бермекчи.