Түркия Республикасынын Дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, доктор Экрем Келиш Ошко иш сапары менен келди. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда облустук казыяттын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, доктор Экрем Келиш Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов жана бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда бүгүн "Сулайман-Тоо" мечитине зыярат кылып, жамаат менен бирге жума намазына катышты. Жума намаздын алдында ал жамаатка Түркия мусулмандарынын жамаатынын саламын айтып, “Ислам - тынчтыктын дини” аттуу темада баян курду. Доктор Экрем Келиш эртең, 20-декабрда Ош мамлекеттик университетинде боло турган “Исламда ай көрүү” деген аталыштагы конференцияга катышмакчы.