12-февраль күнү саат 16:00дө Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде 1967-жылы жарыкка чыккан режиссёр Төлөмүш Океевдин "Биздин балалыктын асманы" тасмасынын жаралышын чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылат. Маалым болгондой, бүл сүрөттөр режиссёрдун архивинде 45 жыл бою сакталып турган. Ал сүрөттөрдү ким тартканы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Ошондой эле бул күнү музейге келгендер Т.Океевдин киносценарийлери жазылган дептерин да көрө алышат.