Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарындагы башкы балаты жанды. Иш-чара Аяз атаны жана Аяз кызды чакыруу менен башталды. Алар көрүүчүлөр менен кошо балатыны расмий түрдө жандыруу үчүн бир нече жолу аракет кылышты. Көп аракеттен соң балаты жанбай, аны сахнага чыккан шаар мэри Кубанычбек Кулматов жандырып берди. Ал баш калаанын жашоочуларын келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап өттү. Салтанаттуу иш-чарада чыгармачыл адамдар өз өнөрлөрүн тартуулашып, келген элдин көңүлүн көтөрүштү. Маалыматка караганда, башкы балатынын бийиктиги 22 метр.