Бишкекте реабилитациялоо борборлорунун балдары үчүн жаңы жылдык салтанат уюштурулду

Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаардык драма театрында Улуттук Кызыл Жарым Ай коому тарабынан реабилитациялоо борборлорунун тарбиялануучулары жана Бишкектин жаңы конуштарында жашаган балдар үчүн жаңы жылдык иш-чара өттү. Бул тууралуу аталган коомдон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага “Оберег”, “Үмүт-Надежда” реабилитациялоо борборлорунда тарбияланган балдар, жаңы конуштардын тургундарынын балдары алынып келинген. Жаңы жылдык маанай тартуулоого багытталган иш-чаранын жүрүшүндө жеткинчектерге белектер берилип, салтанат уюштурулду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан