Ысык-Көлдө балык уулаганга кетип, дайынсыз болуп жаткан эки жаранды издөө иштери кайрадан улантылды

Ысык-Көлдө балык уулаганга кетип, дайынсыз болуп жаткан эки жаранды издөө иштери кайрадан улантылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 19-декабрда издөө иштерин 4 куткаруучу жана 10 жергиликтүү тургун жүргүзгөн. Бирок натыйжа болгон эмес. Буга чейин издөө иштери аба ырайына байланыштуу токтотулган эле.

Айта кетсек, Чоң-Өрүктү айылынын 48 жаштагы Эмил Ашыров жана 47 жаштагы Ишен Алмабеков аттуу тургундары 29-ноябрдан бери изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан