Ала-Арча суусунун нугуна топтолуп калган муздар тазаланууда

Ала-Арча суусунун нугуна топтолуп калган муздар тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 19-декабрь күнү муз каптоо кесепетин жоюуга “Жашылдандыруу” ишканасынан 1 экскаватор, 1 трактор жана 8 жумушчу, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, “Бишкек суу чарба” ишканасынан да техникалар тартылган.

Учурда Ала-Арча суусунун кооптуу аймактары толук көзөмөлгө алынган.

Айта кетсек, 17-декабрь күнү Ала-Арча суусунун нугуна муз топтолуп, анын кесепетинен суу жолдорду, турак үйлөрдү каптаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан