Ички иштер министри Мелис Турганбаев Нарын облусуна иш сапары менен барып келди

Ички иштер министри Мелис Турганбаев Нарын облусуна иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, иш сапарынын жүрүшүндө министр Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Жумгал райондорундагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларды тейлеген милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш-чаранын негизги максаты - эл менен биргелешип иш алып барган милициянын, аймактык тескөөчүлөрдүн ишин жандандыруу жана элдин көйгөйлөрүн жеринде чечүү.

Айта кетсек, министр буга чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустарында болуп келген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bayas.07
2014-12-21 17:52:50
Иш сапары менен бардыбы? Же...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан