Жалал-Абадда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жарым тоннадан көмүр таратылууда

Жалал-Абадда аз камсыз болгон 241 үй-бүлөгө жарым тоннадан көмүр берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сом бөлүнгөн. Анын 800 миң сомуна алынган көмүр түзүлгөн тизмедеги жарандарга 500 килограммдан бекер берилмей болгон. Башта аз камсыз болгон 724 үй-бүлөнүн ичинен көмүргө муктаж 326 үй-бүлөнүн тизмеси мэрияга сунушталган. Бүгүнкү күндө 326 үй-бүлөдөн 241 үй-бүлө бөлүнгөн көмүрдү алышты. Калган 85 үй-бүлө график боюнча бир апта ичинде толук алышат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан