Оштогу бала бакчалардын кызматкерлери суюлтулган газды колдонуу боюнча окуудан өтүшөт

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  кызматкерлери суюлтулган газ толтурулган газ баллондорду колдонуу эрежелерин үйрөнүү боюнча атайын окуудан өтүшөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктан бүгүн, 22-декабрда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда суюлтулган газды колдонуу учурунда эске алынчу бир топ кооптуу жагдайлар бар экендиги, анын алдын алуу үчүн эскертилген эрежелерди так аткаруу керектиги жана өрт коопсуздугун сактоо сыяктуу маселелер жөнүндө кеңири маалымат айтылат. Окутуу алдынкы 1 апта ичинде башталып, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы менен “Техникалык тренинг” борборунун түштүк аймагындагы кызматкерлеринин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Ага аталган башкармалыкка караштуу бардык бала бакча жетекчилеринин чарба иштери боюнча орун басарлары катышат. Учурда шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 29 бала бакча болсо, анын ичинен 24ү суюлтулган газ колдонот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан