Талас облусунда тоо эчкилерди мыйзамсыз аткандар кармалып, 110 миң сом айып салынды. Муну бүгүн, 22-декабрда өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциядан кабарлашты.
Аталган инспекциянын Талас облустук башкармалыгынын буйругуна ылайык, жаңы жыл алдында балатылардын мыйзамсыз кыйылышынын, жаныбарлар, өсүмдүктөр жана балыктарга зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча рейд жүргөн.
"Рейд учурунда Кара-Буура жаратылыш паркынын аймагында Кара-Буура райондук балыкчылар жана мергенчилер коомунун корукчусу А.Абдыжапаровго таандык Mitsubishi Pajero автоунаасы токтотулган. Текшерүүдө автоунаадан Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургундары А.Абдыжапаров, А.Бондаренко тарабынан мыйзамсыз атылып өлтүрүлгөн эки баш жапайы тоо эчкиси, 12-калибрлүү кош ооз мылтык, ок-дарылары табылган. Тоо эчкилерди өлтүргөндөргө 110 миң сом айып пул салынды. Бул иш боюнча акт, протокол түзүлүп, иш сотко өткөрүлүп берилди",- деп билдирет мекеме.
Текшерүү учурунда Кара-Буура жаратылыш паркынын аймагында райондогу Кызыл-Адыр айылынын тургуну Жумабеков Замирден документи жок ТОЗ-8 үлгүсүндөгү мылтык табылган. Бул иш боюнча да протокол түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгени айтылды.