Бишкекте Си Цзиньпиндин "Мамлекеттик башкаруу тууралуу" аттуу китебинин бет ачары болду

23-декабрда Бишкектеги КРнын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Казы Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин "Мамлекеттик башкаруу тууралуу" аттуу китебинин бет ачары болот. Аталган министрликтен билдиришкендей, иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй, Жогорку Кеңештин депутаттары, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, студенттер жана башкалар катышышты. 

Маалым болгондой, китеп Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин басма канцеляриясы жана Кытайдын Чет элдик адабияттарды жайылтуу борбору тарабынан даярдалган.

Анда 2012-жылдын 15-ноябрынан 2014-жылдын 13-июнуна чейинки маектер, лекциялар, куттуктоо каттары камтылган. Китеп 18 тематикалык бөлүктөн турат. Ар бир материал хронология тартибинде берилген. Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн китептин аягында Кытайдын тарыхы жана маданияты тууралуу эскертүүлөр камтылган. Ошондой эле Си Цзиньпин тарткан 45 фото да тиркелген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан