Фейсбук социалдык тармагында саясат, маданият, массалык маалымат каражаттарынын мыктысын аныктаган сурамжылоо жүргүзүлгөн. Бир жума аралыгында кыргызстандык Фейсбук колдонуучулары тандоо жасашып, натыйжада “Жылдын мыкты маалымат булагы” наамына SUPER.KG порталы татыктуу болду. Ошондой эле сыйлыкты "Азаттык" үналгысы да алды.
Добуш берүүдө жеңүүчү деп табылгандарга сыйлык берүү аземи 20-декабрда болуп өттү. Фейсбуктун колдонуучуларынын жолугушуусуна маданият министри
Алтынбек Максүтов жана башка саясий ишмерлер катышышты. Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан иш-чараны журналист
Кудрет Тайчабаров уюштуруп, ал
Нурзат Токтосунова менен биргеликте алып баруучулук тизгинди аркалады.
Кечеге катышкан ырчылар Гүлнур Сатылганова, Түмөнбай Колдошов, Абидин Темиров, Анжелика, Нурлан Насип, Гүлнур Асанова, "Кыз-Бурак" тобу жана башкалар чыгармачылыгын тартуулашты. Кызыктуу оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.
Фейсбук - дүйнөдөгү ири социалдык тармактардын бири. Ал 2004-жылы Гарвард университетинде билим алып жаткан Марк Цукерберг тарабынан негизделген. Үстүбүздөгү жылдын июль айында социалдык тармактын колдонуучуларынын саны 1,32 миллиардга жеткен.