Бишкектеги коомдук унаалар Жаңы жылга карата жасалгаланууда. Айдоочулар жыл сайын майрамга эки жума калганда унааларды жасалгалай башташат. Алардын айтымында, жасалгалоого орто эсеп менен 4-6 миң сом керектелет. Борбордук троллейбус башкармалыгы мыктыларын аныктап, жеңүүчүгө 8 миң сом тапшырат. Мындан тышкары сынак маршруттук таксилер арасында өтөт. Бул тууралуу 22-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.