КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 21-23-декабрь күндөрү Ош облусунун райондорундагы пилоттук жаштар борборлорунун жаштары менен “Жаштардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана кырсыкты азайтуу маселелериндеги ролу” деген темада окуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окутуунун негизги максаты - жаштардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүү, турмуш-тиричилик коопсуздугу сабагынын максаттары, мектептердеги Жарандык коргонуу күнүн өткөрүүнүн мааниси, өзгөчө кырдаалдар учурунда жүрүм-турум эрежелерин сактоо боюнча маалымат берүү. Ошондой эле "КРнын Жарандык коргонуу жөнүндө" мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актыларынын талаптары боюнча жарандардын жалпы укуктарын жана милдеттерин жеткирүү.
Кошумчалай кетсек, окуу ӨКМнын Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун түштүк аймактык адистери тарабынан Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен жүргүзүлүп жатат.