Бүгүн, 23-декабрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон 10 атуулга "Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды.
Салтанатты ачууда шаардык кеңештин төрагасы Нургазы Нишанов: “Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги 19-сессиясынын №17-токтому менен Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн сиздерге "Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу" наамы ыйгарылып жатат. Эки жыл ичинде чогулган бир топ талапкердин арасынан эң татыктуулары туруктуу комиссия тарабынан тандалып алынды”,- деп билдирди ал.
Шаардын мэри С.Авазов “Ардактуу атуул” наамын 10 адамга тапшырды жана аларды кызуу куттуктап, өзүнүн каалоо-тилектерин билдирди. Ошондой эле алгачкы наамын алган Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын статистика бөлүмүнүн башчысы Сайфудин Качкынбаев: “Көп жылдан бери иштеп келген эмгегимди баалашып, Жалал-Абад шаарынын наамын ыйгарып отурушат. Шаардык кеңешке, ишимди баалашканына рахмат!”- деп билдирди ал.