Рублдун арзандашы жана мыйзамдагы өзгөртүүлөр жакында мигранттардын өз мекендерине кетүүсүнө негизги себеп болот. Бул тууралуу Орусиядагы мигранттар федерациясынын башчысы Мухаммед Амин орусиялык басылмаларга берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда мигранттардын 25 пайыздан ашыгы Жаңы жылдан кийин башка мамлекеттерге барып эмгектенүүнү пландап жатышат. "Эмгек мигранттарынын азы гана Орусияда түбөлүккө калгысы келет. Басымдуу бөлүгү ай сайын мекенине акча жөнөтүп турат. Аларга айлык акыларын рубль менен беришсе, акча которууларды доллар менен өткөрүшөт. Учурда мигранттардын маяналарын көтөрүүнү эч ким ойлонбой жаткандыгынан, которуулар рублдун курсуна ылайык кыскарган",- деди ал.
"Экинчиден, 1-январдан тарта күчүнө кирчү жаңы мыйзамга ылайык, мигранттар орус тили, Орусиянын тарыхы жана мыйзамдуулугу боюнча сынактан өтүшү керек болот. Алдын ала маалыматтарга караганда, сынакты тапшыруу учурунда, сынактын жыйынтыгын күтүүдө ар бир сынак тапшыруучу 30 миң рублдан коротот. Анткени бул суммага билеттин баасы, Орусияда жашап туруу үчүн каражат жана башка чыгашалар кирет. Мындан улам "нелегал" (мыйзамсыз иштеген) эмгек мигранттарынын саны артышы мүмкүн",- деп пикири менен бөлүштү М.Амин.