Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков Лейлек районунун Дархун айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышты. Иш-чарада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да болушту. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 200 орунга ылайыкталган 2 кабаттуу мектеп спорттук зал жана жылытуу системи менен камсыздалган. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 56 миллион сом бөлүнгөн. Облус башчы өз кезегинде быйыл облус аймагында 3 жаңы мектеп ишке киргенин айтып өттү.