Бүгүн, 23-декабрда Мамлекеттик салык кызматы "Дордой" базарында иштеген соодагерлерге салык төлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү борборун ачты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Кыргызстанда заманбап жабдуулар менен камсыздалган борбор керек. "Көмүскө экономикадан чыгыш үчүн накталай төлөмдөн электрондук төлөмдөргө өтүшүбүз зарыл. "Дордойдун" соодагерлери ай сайын 35 миллион сом төлөп турушат. Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана рыноктор ачылат",- деди Оторбаев.