Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков жана тарых факультетинин окутуучусу, профессор Турдумамат Кадыров Улуттук “Санжыра” фондунун грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сыйлыкты тапшыруу аземинде аталган фонддун директору Асыкбек Оморов: “Улуу кыргыз идеологиясынын башатын түптөп, тарыхый санжыра булактарын чогултууда жана топтоодо республиканын аймактарындагы, анын ичинде Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы элдин түтүн санын тактоодо жардам көрсөтүп жаткандыгыңыздарга ыраазычылык билдиребиз”,- деди. Ошондой эле жакынкы аралыкта кыргыздын 40 томдук санжырасы жарык көрөрүн кошумчалады.