Атасынан эрте ажыраган өспүрүмдөргө акчалай жардам көрсөтүлдү

Атасынан эрте ажыраган өспүрүмдөргө колдоо көрсөтүү максатында Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы кезектеги “Балдар биздин бактыбыз-2014” аттуу майрамдык программасын уюштурду. Бул тууралуу аталган ассамблеядан бүгүн, 23-декабрда билдиришти.

Белгилүү болгондой, майрамдык кечеге ЖКнын төрагасынын орун басары Т.Зулпукаров, Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары М.Нуралиев, БДЖАнын президенти Саид Баюми жана башка бийлик өкүлдөрү, маданият кызматкерлери жана 450дөн ашуун жарым жетим балдардын апалары катышышты. Майрам ар кандай театрлаштырылган көрсөтүүлөр, ыр-күлкү тартуулаган номерлердин коштоосунда болуп өттү.

Аталган мекеме өзүнүн карамагында турган 450 балага акчалай сыйлык жана кийим-кечек тапшырышты. Мындан сырткары окуудагы жетишкендиги үчүн 30 окуучуга планшет, Баатыр энелерге өзгөчө белектер тапшырылды.

Ушул эле иш-чара 24-декабрь күнү Нарын облусунда, 25-декабрь күнү Ысык-Көл облусундагы балдарга жер-жерлерде атайын майрамдык программалар уюштурулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uulay
2014-12-23 18:24:35
Жетимдин башын сыласан канчалаган соопко каласын. Рахмат силерге
0
tolkun85
2014-12-23 18:28:39
Алла ыраазы болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан