Ошто мектепке барып-келүү учурунда шаардык автоунааларга түшкөн окуучулар жол акыны 1 сомдон гана төлөйт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын 2014-жылдын сентябрь айында окуучулардын автоунааларда жүрүүсүн көзөмөлгө алуу жөнүндө буйругу чыгып, анда бардык мектеп окуучулары окуучу экендигин аныктаган бирдиктүү бейджик тагып жүрүүсү милдеттендирилген. Коомдук унаага түшкөн учурда бейджигин көрсөтүү менен окуучу бардык учурда жол акыны 1 сомдон гана төлөйт.