Жалал-Абад шаарында жаңы жылды тосуу боюнча балаты салтанаты уюштурулуп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн №5-мектептин окуучулары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы уюшулууда. Ошондой эле балаты майрамы 25-декабрда №17-балдар бакчасында болот. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн саамалык Барпы театрында жана Балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде уюштурулмакчы.