КРнын
Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев казакстандык кесиптеши, Эл аралык адам укуктарын
жана мыйзамдуулукту сактоо бюросунун директору, “Балдар укуктарын коргоо боюнча” Казакстандын
бейөкмөт уюмунун жумушчу тобунун координатору Роза Акылбекова менен жолукту. Бул тууралуу
бүгүн, 24-декабрда акыйкатчынын басма сөз
кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында Роза Акылбекова Казакстанда Адам укуктары боюнча комиссия, Айымдардын укуктары боюнча
улуттук комиссия жана Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институтунун
функциялары жөнүндө кеңири маалымат берди. Өз кезегинде КРнын Акыйкатчысы кесиптешине Акыйкатчы
институтунун жумушу, иш-чаралары, кездешүүчү көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Ошондой эле Бактыбек Аманбаев учурдагы “КРнын Акыйкатчысы жөнүндөгү” мыйзам Конституция менен адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык
нормаларга келишпестиктери бар экенин да кошумчалады.