Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында орнотулган башкы балатыны жасалгалоо иштерине 427 миң сом сарпталды. Анын 163 миң сому балатынын тулкусун тургузууга, 264 миң сому кооздоочу тасма жана оюнчуктарга жумшалган. "Ала-Тоо" аянтын, ага жакын имараттарды жана бак-дарактарды жаңы жылдык маанайда кооздоого 2,5 миллион сом каражат жумшалган. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.