Жыл башынан бери Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында Чехиядан алынып келинген 200 миңден ашуун гүл шаардын көчөлөрүнө жана сейил бактарына отургузулган. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 11 ай аралыгында шаардын көчөлөрүнө 600 түп түбөлүк көгөрүп туруучу өсүмдүктөр, 630 түп кара жыгач, ак кайың жана каштандын көчөттөрү, 6100 түп кизильник бадалы, 20 000 түп легустр жана 5500 түп роза гүлдөрү, 5100 түп канн гүлдөрү отургузулган. Ошондой эле шаар ичиндеги негизги көчөлөр жана сейил бактарындагы 30 000 түп дарак акталып, 26 346 куб метр таштанды жыйналган.