Бүгүн, 24-декабрда "Манас" аэропортундагы мурун АКШнын Транзиттик борбору жайгашкан жерде Улуттук гвардиянын №708-аскер бөлүгү ачылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары Кубанычбек Орузбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Генералдык штабдын башчысынын орун басары Закир Тиленов, "Эл аралык "Манас" аэропорту" ишканасынын башчысынын орун басары Эмир Чукуев катышышты. Алар иш сапарынын жүрүшүндө аскер кызматкерлеринин жашоо шарттары менен таанышып чыгышты.