Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясынын жыйын залында энергетиктердин кесиптик майрамы жана Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө энергетика тармагындагы көп жылдык эмгеги жана кошкон салымдары үчүн “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун 14 кызматкери жана “Түндүк электр” ишканасынын Энергосбыт кызматынын 5 кызматкери Ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.