10-февралда Бишкек шаарындагы Улуттук китепканада белгилүү немис драматургу Бертольд Брехттин 150 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Белгилүү болгондой, көргөзмө “Адам ал тууралуу эч ким ойлобой калганда гана өлөт" деп аталып, ага автордун 27 китеби коюлат.