Бишкекте Ала-Арча суусунун Жибек Жолу кең көчөсүн кесип өткөн аймагындагы көпүрөнүн алдында муз тоңуп, суунун нугун бөгөп калган. Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан көпүрөнүн алдын муздан арылтуу жумушу уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, келе турган түрдүү кырдаалдардын алдын алуу максатында уюшулган жумуштун жүрүшүндө 580 метр кубду түзгөн муз алынды.