Өзгөн районундагы эки кабаттуу мечиттин курулушу дээрлик аяктап калды

Бүгүн, 24-декабрда Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл аймагындагы Жаңы-Абад айылында эски мечиттин ордуна салынып жаткан эки кабаттуу мечиттин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу облустук казыяттан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, учурда мечиттин негизги курулуш иштери аяктап, ички жасалгалоо жана актоо, сырдоо иштери уланууда. Облус казысы мындан сырткары айылдагы жергиликтүү жамаат менен да жолугуп, бир топ маселелерди талкуулап, жамааттын ар кандай суроолоруна жооп берди. 

Эскерте кетсек бул жолугушуу райондун башкы имам-хатиби Самидин Атабаевдин уюштуруусу менен өтүп, Ош облусунун казыятынын кызматкерлери да катышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан