Мамлекеттик салык кызматынын Араван жана Кара-Кулжа райондору боюнча “Бирдиктүү терезе” кызматы ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салык кызматкерлери “Бирдиктүү терезеде” салык төлөмдөрүн, отчётторду, декларацияларды кабыл алат. Ошондой эле салык төлөөчүлөрдү каттоодон өткөрүп, патенттерди берип жана узартуу менен алектенет. Андан сырткары Социалдык фонддун кызматтарын көрсөтүп, салыктардын тиешелүү суммасын төлөө үчүн терминал орнотулмакчы.
Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимов, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, эки райондун салык төлөөчүлөрү жана салык кызматкерлери катышты. Эске салсак, учурда 32 салык органында “Бирдиктүү терезе” иштейт. Ушул сыяктуу инфраструктура жакынкы убакыт аралыгында бир нече шаар жана райондордо ачылары күтүлүүдө.