Ош шаарындагы унаа тыгындарын жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү максатында 68 бетон тосмо орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Ош ШИИБинин Жол коопсуздук кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бетон тосмолор А.Масалиев тар көчөсү менен А.Навои көчөсүнүн кесилишинен Ы.Монуев көчөсүнүн кесилишине чейин орнотулуп, жол ортосунан бөлүндү.