Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин бүгүн, 24-декабрдагы иш сапары Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагындагы милиция бөлүмүнөн башталды. Алгач андагы аймактык милиция кызматкерлеринин иши менен таанышып, алардын көйгөйлүү маселелерин укту. Андан соң милициянын генерал-майору Жоломан Шаршенбаевге багышталып куран окулду.
“Жоломан Шаршенбаев орган кызматында бир канча жыл үзүрлүү эмгектенип, таза иштеген инсандардын бири эле”,- деди Мелис Турганбаев.
Ошондой эле министр жергиликтүү эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.
“Иш сапардын негизги максаты - эл менен милициянын ортосундагы байланышты жакындатуу. Эл аралап сүйлөшпөсө, көп нерсе билинбей калат экен. Бардыгы милициянын колунан келе бербейт, эл да жардам бериш керек. Ошондо коомдук тартип сакталат”,- деди Турганбаев.