Ош шаарынын Жапалак айылындагы жаңы курулуп жаткан №73-бала бакчанын жасалгалоо иштери толук аяктап, 26-декабрда ишке берилет. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин аталган башкармалыкка караштуу 29 мектепке чейинки билим берүү мекемеси болсо, жаңы ишке бериле турган бала бакча менен бул сан 30га жетет. 120 орунга ылайыкташтырылган жаңы бала бакчанын курулуш иштери 2014-жылдын 2-кварталынын башында башталган.