Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №17-мектептин 11-классынын окуучусу Каныбек кызы Каныкей (математика сабагынан) менен №32-мектептин 10-классынын окуучусу Ташиев Колдошбек (физика сабагынан) Казакстандагы Жаутыков атындагы физика-математикалык гимназиясынын эл аралык олимпиадасына катышат. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда кызуу даярданып жаткан окуучулар 27-декабрдан баштап шаардагы “Сема” жана “Себат” мектептеринин олимпиадага даярдоо программасына катышып, окуудан өтүшөт.
Эске салсак, 9-декабрда шаардагы бардык мектептердин окуучуларынын арасында эл аралык олимпиадага катышуу үчүн сынак өткөрүлгөн. Аталган олимпиада 2015-жылы 11-17-январь аралыгында Алматы шаарында болот.