Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кадамжай районунда болду

Кечээ, 24-декабрь күнү Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашим Тагаев Кадамжай районунда болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылары, райондук милициянын өздүк курамы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-декабрда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ар кандай сунуштар, ойлор айтылып, милициянын ишине баа беришти.

“Мыйзамдуулукту орнотуу - жалпыбыздын милдетибиз. Тартип болмоюнча ийгиликтерге жетишпейбиз. Мен сиздерге ишенем, сиздер элге таза, ак иштеп бересиздер”,- дейт Ашим Тагаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан