2015-жыл Кыргызстан үчүн оор болушу күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда маалымат жыйынында КРнын Рыноктор, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев билдирди.
Анын айтымында, кийинки жылы кыргызстандык мигранттар экономикалык кырдаалдан улам Орусиядан жана Казакстандан кайтып келиши мүмкүн. "2015-жылы казакстандык теңгенин девальвациясы орун алышы күтүлөт. Ошентип, жалпысынан чет өлкөдөн келчү 1 миллион мигрантка Кыргызстанда жумуш орун керек болот. Тилекке каршы, өлкөдө ушунча жумуш оруну табылбайт. Мисалы, Кытайда да 1 миллион жумушчу орун жок. Ошондуктан айрым саясатчылардын "мигранттар Кыргызстанга келсе, экономикабыз өнүгүп кетет" дегени, чындыгында, ишке ашпай турган кеп",- деди Пономарев.