Мамлекеттик ишканалар 2014-жылдын 27-декабрынан 2015-жылдын 7-январына чейин эс алышы мүмкүн. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен бүгүн, 25-декабрда билдиришти.Маалым болгондой, жаңы жылдык эс алуу боюнча тийиштүү токтом өкмөткө жиберилген. Документке кол коюлгандан кийин эс алуу күндөрүнүн так датасы аныкталат.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы окуучулардын кышкы каникулу боюнча маалымат берген. Ага ылайык, мектеп окуучулары 2014-жылдын 29-декабрынан тартып 2015-жылдын 18-январына чейин кышкы эс алууга чыгышат. Ал эми жазгы каникул 23-29-март күндөрү болуп, окуу жылы 2015-жылдын 29-майында аяктайт. Кесиптик окуу жайларда кышкы каникул 2015-жылдын 1-январынан 31-январына чейин деп белгиленген.