Рублдун курсунун төмөндөшүнөн улам эмгек мигранттары Орусиядан кетпейт. Анткени мекенинде алардын айлык акысы бир топ аз болот. Бул тууралуу кечээ, 24-декабрда Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский орусиялык телеканалдарга берген маегинде айтты.
Анын айтымында, орусиялык рубль долларга карата өзгөрсө да, мигранттар кайтчу өлкөлөрдүн валюталары да рублга карата өзгөрүүдө. "Орусияда мигранттар өз өлкөсүндөгүдөй салыштырмалуу 5-10 эсе көбүрөөк акча табат",- деди ал.
Ромодановскийдин билдиришинче, эгер Орусияда жумушсуздук орун алса да, бул көрүнүш миграциялык саясатты өзгөртүүгө себеп болбойт.