Кыргызстанда 991 888 автоунаа каттоого алынган, мунун ичинен 127 миңден ашыгы оң рулдуу. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти .
Маалыматка ылайык, оң рулдуулар унаалардын жалпы санынын 13 пайызын түзөт жана алардын саны жыл санап өсүүдө. 2013-жылы оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда 1472 кырсык катталып, жалпы кырсыктын 21,4 пайызын түзгөн.
Эске салсак, парламентте бүгүн өлкө аймагына оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралууда.