Баткенде окуучулар үчүн балаты майрамы өткөрүлдү

Баткен облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында окуучулар үчүн балаты майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.
Иш-чарага жалпысынан облустагы район-шаарлардан, мектептерден, балдар үйүнөн окуучулар чакырылып, аларга театрдын чыгармачыл тобунан атайын даярдалган концерттик программа коюлду. 
Облус жетекчиси Жеңиш Разаков балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап: "Келе жаткан жыл ак тилектин, аруу ниеттин, ынтымактуулуктун жана тилектештиктин жылы болсун!"- деди. Ошондой эле окуучуларга ыйгарым укуктуу өкүлдүн белектери тапшырылып, тамак-аш уюштурулуп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Deniza88
2014-12-25 15:56:37
Сонун
+1
Мэри
2014-12-25 16:04:19
Жакшы, каармандар сонун кийинишиптир, жасалга да жакшы экен...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан