Бүгүн, 26-декабрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өтүп жатат.
Айта кетсек, майрамга өлкөнүн ар бир аймагынан 8ден 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. Алар үчүн “Шаттык” бий ансамбли жана Бишкек хореографиялык окуу жайынын 300 тарбиялануучусу концерттик программа тартуулашат.
Чакырылгандардын арасында алдынкы мектеп окуучулары, эл аралык сынактардын, таймаштардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрү бар. Мындан тышкары майрамга борбор шаардагы №71-жатак-мектептин тарбиялануучулары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар чакырылган.
Алар үчүн “Щелкунчик” жомогунун сюжетине ылайык оюн көрсөтүлүүдө. Иш-чаранын соңунда балдарга президент Алмазбек Атамбаевдин атынан белектер, китептер тапшырылмакчы.