Ош. 2015-жылдан тарта иш кагаздары менен иштөөнү жолго коюу маселеси көтөрүлдү

Ош облусунун мусулмандар казысынын жетекчилиги астында 2014-жылда Ош облусунда дин жаатында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, натыйжада канааттандырарлык деп бааланды. Бул тууралуу облустук казыяттан кабарлашты.   

Маалыматка ылайык, жыйында негизинен элге динди жайылтуу жана диний кырдаалдагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, КРнын Коргоо кеңешинин чечимдерин аткаруу, мечиттердин курулуштары, каттоодон өткөрүлүүсү жана жаңы курулган мечиттер, үгүт-насаат жана даават иштери, ажылыкты уюштуруу жана каржылык маселелер боюнча жетишкендиктер менен кемчиликтер каралып, жалпысынан Ош облусунун жети районунун башкы имам-хатибдеринин маалыматтары угулду. Жыйын учурунда угулган маалыматтар боюнча кызуу талкуу жүрүп, облус казысы Ниязали ажы Арипов райондун башкы имам-хатибдерине жетишпеген кемчиликтерди азайтууга, аткарылбай калган иштерди аягына чыгарууга жана кийинки жылдын башталышынан тартып жаңы приоритеттүү багыттарга басым жасоо менен комплекстүү иш пландарды түзүп, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышып, жоопкерчиликтүү иш алып барууга чакырды. Мындан сырткары казы 2015-жылдын башталышынан тартып иш-кагаздар менен иштөөнү жолго коюу тапшырмасы менен дин кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүү зарыл экендигин белгиледи.

Жыйынтыгында жыйындын катышуучуларынын ой-пикирлери угулуп, 2014-жылда облуста дин жаатында аткарылган иштер канааттандырарлык деп табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан