
* Мындан 113 жыл мурун, 1901-жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында тургандардын бири, Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы, кыргыз калкынын көрүнүктүү уулу, таанымал саясий жана коомдук ишмер
Жусуп Абдрахманов Күнгөй-Ак-Суу болуштугунун Чиркей айылында туулган. Анын бала чагы Сазановка айылында өткөн. Ал башында 3 жылдык жергиликтүү орус мектебин бүтүргөн. 1914-жылы Караколдогу шаардык жогорку училищеде окуп, тилекке каршы, 1916-жылкы окуя анын билим алуусуна кедергисин тийгизген. 1920-жылдан тарта ал партиялык кызматка аралашып, 1924-жылы ал Түркстан Борбордук Аткаруу комитетинде жооптуу катчынын милдетин аткарган. Жусуп Абдрахманов 1927-жылы Кыргыз автономиялык облусунун Эл комиссарлар кеңешине төрагалык кызматка дайындалып, 1938-жылы бейкүнөө атылып кеткен.

* Мындан 91 жыл мурун, 1923-жылы француз инженери
Гюстав Эйфель 91 жашында каза тапкан. Гюстав Эйфель - Франциянын сыймыгы эсептелген Эйфель мунарасынын конструктору.
XIX кылымдын 1980-жылдарынын аягында Франциянын борбор шаары Парижде Франция революциясынын 100 жылдык мааракесине карата Бүткүл дүйнөлүк өндүрүштүк көргөзмөнү өткөрүүгө даярданат. Курулуш тармагы өнүгүп жаткан мамлекет экенинин далили катары кандайдыр бир эң көрүнүктүү курулуш көргөзмөгө келгендерге көрсөтүү зарыл болгон. Мунаранын курулушу 1887-жылы 28-январда башталып, 1889-жылы 31-мартта аяктаган. Ага керектелүүчү бардык элементтер жана темир-тезектер өтө так өлчөмдө өлчөнүп, Эйфелдин өзүнүн заводунда жасалган. Мунара 18 миң элементтен туруп, 2 миллион кадоолор (заклёпки) менен кадалган жана жалпы салмагы 10 миң тоннаны түзгөн. Оор түйүндөр жогору жакка атайын буу крандарынын жардамы менен чыгарылып турган. Курулушта бир убакытта 250 жумушчу эң жогорку бийиктикте жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө да, кыш чилдесинин ызгаардуу суугунда да тынбай иштеген.
* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы
Сапармурат Ниязов өмүрү өткүчө Түркмөнстандын президенти болуп жарыяланган. Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов 1940-жылы 19-февралда Ашхабадда төрөлгөн. 1985-жылы Түркмөн ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи секретары кызматына дайындалып, 1992-жылы эгемен Түркмөнстандын биринчи президенти болуп шайланган. 1994-жылы жалпы элдик референдум менен Ниязовдун президенттик ыйгарым укуктары 2002-жылга чейин узартылат. 1999-жылы Түркмөнстандын Элдик Кеңеши (парламент) Ниязовдун өмүр бою президент болушуна токтом кабыл алып, бирок түркмөнбашы 2006-жылдын 21-декабрында жүрөгү токтоп, дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Бишкек-Ош аба каттамында "Кыргызстан" аба компаниясынын Ту-134 учагы Ош шаарынын аэропортуна конуп жатканда кырсыкка кабылган. Мындан 26 адам жабыркап, учактын оң канаты жана шассиси сынып, сырты өрттөнүп кеткен.