Орусиянын маданият министрлиги Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин белгилейт

Бүгүн, 5-февралда Орусиянын Маданият министринин орун басары Алла Манилова Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата даярдалып жаткан иш пландарын Орусиядагы Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Жунусовго тааныштырды. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган министрликтин иш планында Москва, Санкт-Петербург жана башка шаарларда улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган кинолор, анын китептери жана сүрөттөрү көрүүчүлөргө тартууланмакчы. Ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын Маданият министрликтери биргелешип концерттик кече да уюштурушу мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан