Оңдоо иштерине байланыштуу Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 29-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок, Арашан, Чуңкурчак, Татыр, Тоолуу Маевка, Кой-Таш, Кызыл-Бирлик, Прохладное айылдарында, Кара-Балта шаарында, Жайыл районунун борбордук бөлүгүндө жарык өчтү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан